24.kg
14:15, 15 сентября 2020, 24.kg

Ноокатта унаа оодарылып, Ак-Буура суусуна кулап кетти. Жабыркагандар изделүүдө

Ноокат районунда унаа оодарылып, Ак-Буура суусуна кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Күн-Дөбө айылында Hyundai Porterдин айдоочусу унаасын башкара албай, сууга кулап кеткен.

Унаада айдоочудан тышкары дагы эки жүргүнчү бар эле. Куткаруучулар бирөөсүн ооруканага жеткирип, дагы экөөнү сууга агызып кетти деген божомол бар.

Аларды издөө иштерине үч куткаруучу тартылган. Түн жарымына чейин созулган издөө аракеттери натыйжа бербегендиктен, ал бүгүн да улантылмакчы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18