24.kg
12:09, 15 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Кыргызстанда айрым импорттолуучу товарлар КНСтен бошотулду

2020-жылдын соңуна чейин коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарлар кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Салыктан бошотулган товарлар төмөнкүлөр: 

— дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;

— атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;

— көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;

— токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;

— компьютердик томография; — медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер;

— медициналык жана хирургиялык эмеректер;

— негатоскоптор. 

Кыргызстанга ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү КНС коюму Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат. Анда номенклатурасы, саны, товарлардын баасы, жана ташууларды ишке ашырган уюм же жак тууралуу маалымат камтылат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18