24.kg
11:20, 15 сентября 2020, 24.kg

Сабиржан Абдыкаримов: Баткен облусунда эпидиомологиялык абал кооптуу

Баткен облусунда эпидиомологиялык абал кооптуу. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда вирустун жайылуусу башка аймактарга салыштырмалуу көп.

«Үч аймакта кырдаал кооптуу. Мисалы, 7-10 сентябрга карата республика боюнча Баткен облусунда, Ысык-Көл жана Бишкек шаарында нормадан ашыкча вирус жугузуу катталды. Айрыкча Баткенде абал оор», — дейт министр.

Акыркы суткада Баткенде 23 кишиден вирус аныкталып, жалпы саны 2 миң 585ге кишиге жетти. 

Сабиржан Абдыкаримовдун айтымында, 25-июндан тарта Кыргызстанда коронавирустун жайылышы азаюуга түштү. Азырынча өсүү байкала элек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18