10:39, 15 сентября 2020, 24.kg
20-сентябрдан баштап Казакстан менен авиакаттам жанданат
20-сентябрдан баштап Казакстан менен авиакаттам жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.
Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы авиациялык келишимдерге ылайык, эки өлкөнүн үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап кайра жаңыланат.
Алматы-Бишкек-Алматы каттамды жумасына эки жолу ишемби жана жекшемби күндөрү «Эйр Астана» авиакомпаниясы аткарат.
0