24.kg
09:50, 15 сентября 2020, 24.kg

Элчилик: Раимкул Аттокуров Россия жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин билдирди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мурдакы элчи Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча үн катты.
 
Эскерте кетсек, Раимкул Аттокуров Россиянын «Правда.ру» порталына берген интервьюсунда «Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу маселе талкууланып жатат» деп айткан. Кийин ал өзү 24.kg агенттигине берген маегинде ал өзүнүн эмес, коомчулуктун пикирин билдиргенин, бул тема диаспорада эмес, мигранттар арасында талкууланып жатканын тактады.
 
Элчилик Раимкул Аттокуров Россия Федерациясынын жараны экендигин жана ал өзүнүн жеке пикирин билдиргендигин баса белгилейт.
 
«Кыргызстан — көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналат. Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз. Ошону менен бирге кыргыз-россиялык мамлекеттер аралык мамилелер өз ара сый, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо нугунда динамикалуу түрдө өнүгүп жатат», — дейт элчилик.
Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлерин элди дүрбөлөңгө салуучу мүнөздөгү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүчү ой-пикирлерин коомго жарыялоодон алыс болууга чакырат.
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18