24.kg
09:46, 15 сентября 2020, 24.kg

Өзбек өкмөтү медиктерге берилген акынын жарымын кайра кайтарып алды

Өзбек бийлиги Ташкент облусунун Зангиата районундагы медициналык тез жардам кызматынын жумушчуларына берилген бир жолку сыйлыктын жарымын кайра кайтарып алды.

Июлдун аягында өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов тез жардам кызматкерлерине сый акы катары берүү үчүн Өзбекстанга 100 миллиард сум (10 миллион доллар) бөлгөн.

«Өткөн айдын башында «Усмановдон кайрымдуулук жардам» деп пластик карталарыбызга 4 миллион сумдан (400 доллар) которуп беришкен. Бирок эртеси эле кайра эки миллион сумун алып коюшту. Акчасын коротуп койгон кызматкерлерден эки миллион сумду августтагы айлыгынан кармап калышты», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген тез жардам кызматынын фельдшери.

Райондук тез жардам кызматынын жумушчулары мекеменин жыйырмадан ашык кызматкери банк карталарына которулган акчанын жарымын кайтарып берүүгө аргасыз болушканын билдиришүүдө.

Быйыл июль айында өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов COVID-19га каршы күрөшүүгө жардам катары Өзбекстанга 100 миллиард сум (10 миллион долларга жакын) бөлүп берген. Бул каражат коронавирус жуктурган бейтаптар менен иштеген тез жардам кызматкерлерине бир жолудан сыйакы төлөп берүүгө коротулары кабарланган. Өзбек өкмөтү бул максатты Усмановдун каражатына кошумча мамлекеттик бюджеттен дагы 100 миллиард сум бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18