24.kg
17:42, 14 сентября 2020, 24.kg

Сочиде Лукашенко менен Путиндин жолугушуусу болот

Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн Минскиден Сочиге учуп кетти.
 

Бул Лукашенконун 9-августта өткөн шайлоодон кийинки биринчи жолу чет өлкөгө жасаган сапары. Беларуста президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы бир айдан ашык убакыттан бери ири акциялар өтүүдө.

Батыш өлкөлөрү беларус оппозициясы сыяктуу эле президенттик шайлоодо масштабдуу бурмалоолор болгонун билдирип, анын жыйынтыгын таанышкан жок. Лукашенконун ыйгарым укуктары 5-ноябрда аяктайт, жаңы инаугурациянын мөөнөтү белгилене элек. Беларус оппозициясы түзгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү 5-ноябрдан кийин Лукашенкону өлкөнүн легитимдүү башчысы катары таанууга болбой турганын айтышууда.

Путин шайлоодон кийин Лукашенкону дароо жеңиши менен куттуктап, эки өлкө лидерлери бир нече жолу телефондо сүйлөшүштү. Жолугушуу тууралуу эки апта мурун айтылган.

БелТА агенттиги лидерлер «жеке» сүйлөшүү өткөрүшөрүн, эки тараптуу кызматташуу, эл аралык көйгөйлөр жана чөлкөмдөгү абал тууралуу сөз болорун билдирди. Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков интеграция маселелери талкууланарын, бирок эч кандай документке кол коюлбай турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18