24.kg
15:19, 14 сентября 2020, 24.kg

Баткенден Ысык-Көлгө кеткен дарыгерлер эс алуу шарттарына даттанды

Баткенден Ысык-Көлгө кеткен дарыгерлер эс алуу шарттарына даттанды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурда эс алууга кеткен дарыгерлерден телефон чалуу болгон.

«Медицина кызматкерлери эс алуучу жайдагы шарттар начар экенин, аны атайын уюштурулган маданий эс алуу жайы деп айтуу кыйын, тамак-ашы начар, азык-түлүк сатып ала турган дүкөндөгү баалар кымбат экенин айтышты. Дарыгерлер эс алуучу жайдын шарттарын видеого тартып жөнөтүүнү убада кылышкан, бирок, менин оюмча, алар батына алышпады окшойт. Баатыр дарыгерлерибизге татыктуу эс алууну адамгерчилик жана урмат менен уюштуруу мүмкүн эмеспи?» — деп жазат Баялинова.

Эске салсак, 10-сентябрда Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлдөгү «Рахат» пансионатына эс алууга жөнөп кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18