24.kg
13:28, 14 сентября 2020, 24.kg

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун төрагасы А.Ж.С. сотто оң чечим чыгарып берүү үчүн Ж.З. аттуу кыргыз жаранынан акча сураган. Ал жаран 2020-жылдын 11-сентябрында КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Арыз КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Photo 177742

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18