24.kg
12:02, 14 сентября 2020, 24.kg

Мигранттар Кыргызстандын Россияга кошулушун каалайбы? Экс-элчи түшүндүрмө берди

Россиядагы мигранттар арасында Кыргызстандын Россияга кошулушу боюнча сунуш көп көтөрүлөт. Бул тууралуу мурдакы элчи Раимкул Аттокуров «Правда.ру» сайтына интервью берип жатып билдирген.

24.kg агенттиги Раимкул Аттокуров менен байланышып көрдү.

«Бул маселе жеке жактар тарабынан айтылып калат. Мен диаспоралык коомдор сунуштап жатат деп айта албайм. Кээ бир учурда адамдар кайрылып, «Кыргызстандын Россияга кошулушу боюнча маселени көтөрсөк кандай болот» деп айтып калышат. Эми ага мигранттардын абалы, Кыргызстандагы кырдаал себеп болсо керек», — дейт Раимкул Аттокуров. 

Раимкул Аттокуров өзү бул сунушту колдобойт. «Биз эгемендүү өлкөбүз. Көз-карандысыздыкты сактоо максималдуу аракет кылышыбыз керек», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18