24.kg
11:55, 14 сентября 2020, 24.kg

Боршайком: Партияларга концерт жана спорттук мелдеш өткөрүүгө тыюу салынган

Шайлоого катышып жаткан партияларга концерт жана спорттук мелдеш өткөрүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет.

Мекемеден 24.kg агенттигине билдиргендей партиялардын бири шайлоочулар менен жолугушууда концерт өткөрүшкөн. Бул боюнча видео БШКга келип түштү. Азыр видео текшерилүүдө. Маалымат такталса партияга эскертүү берилет.

Белгилей кетсек, ырчы Кайрат Примбердиев андан кийин Мирбек Атабеков эч кайсы партияны колдоп ырдабастыгын жарыялашты. Бирок, үгүт иштеринде концерт коюуга ага чейин эле Шайлоо кодексинде тыюу салынган. 

Шайлоо эрежелерин бузууга 30дай арыз келип түштү.

Үгүт иштери 2-октябрда аяктап, шайлоо 4-октябрда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18