24.kg
11:41, 14 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Вирус жугузган 507 бейтап ооруканада дарыланууда

Коронавируска кабылган 507 бейтап стационарда дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, дагы 1 миң 903 бейтап үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада өлүм катталган жок.

Март айынан бери 44 миң 928 киши вирус жуктуруп, 1 миң 61 адам кайтыш болду.

Медициналык кызматкерлер арасында — 3 миң 172 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 699у айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18