24.kg
09:54, 14 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Коомдук тамактануучу жайларга көзөмөл күчөтүлдү

Коомдук тамактануучу жайлардын, анын ичинде кафе жана ресторандардын ишин контролдоо боюнча иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, эпидемиологиялык чыңалган абалга байланыштуу райондук акимиаттардын башчылары, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Санитардык-экологиялык инспекциясы тартипти колго алууда.

«Өзгөчө кырдаал мезгилинде чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары менен тартип бузуу фактылары эки жолу аныкталган учурда, КР Бузуулар жөнүндө Кодекстин 150 жана 293-статьялары боюнча айып салынып, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилет. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-1-беренесинде жана Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде каралган жоруктардын фактылары белгилүү болгондо КР Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык иш-чаралар өткөрүлөт», — деп эскертет штаб.

Тартипти сактабаган коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине алгач айып пул салынып, эскертүү берилет. Кийинкисинде айып салуу жана кылмыш ишин козголот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18