24.kg
09:20, 14 сентября 2020, 24.kg

Жээнбеков: Россия менен вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Кыргызстан Россия менен вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын «Биринчи радиосу» менен маегинде билдирди.

Ал Россия вакцинаны клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришкенин белгиледи.

«Россияда акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина жапырт чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Илдетке каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деди президент.

Дүйнөдөгү айрым илимпоздор Россияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18