24.kg
13:53, 11 сентября 2020, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айынын эмгек акысын алышат

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь айына чейин пленардык жыйындарды токтотконуна карабастан айлык алышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, алтынчы чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы эл өкүлдөрү шайланганда аяктайт.

«Депутаттар жеринде шайлоочулар менен жолугуп жүрүшү, алардын эмгек акысын төлөбөй койсо болот деген туура эмес. Алардын аймактадагы иши «Депутаттын макамы жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынат. Сентябрь айынын айлыгынан алар өз ыктыяры менен албай койсо деле болот. Шайлоочулар менен жолугуу учурунда эмгек акы төлөнбөйт деген ченем мыйзамда жок», — деди ал.

Эске салса, Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин парламент жыйындарына чогулбоо чечимин кабыл алышкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18