24.kg
11:49, 11 сентября 2020, 24.kg

Орусиялык телеберүүчү Ассоль Молдакматованы сотко берип, $1 миллион өндүрмөкчү

Орусиялык алпаруучу Артур Цветков моралдык чыгым катары алпаруучу Ассоль Молдокматовадан компенсация катары миллион өндүргүсү келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына билдирди.

Шоумендин айтымында, Москвадагы тамактануу жайында Кыргызстан жараны менен болгон чыр-чатактан кийин Ассоль Молдакматова на «нацист» деп атаган.

«Балким бул айым ал сөздүн маанисин түшүнбөгөндүр. Буга карабастан, ал мени көздө бир тууган кыргыз элинин жарымын тукурган. Күн сайын баракчага мага өлүм каалап жазгандардын саны түгөнбөй койду», — дейт Цветков.

Эске салсак, 11-августта Москва шаарындагы тамактануу жайларынды биринде орус шоу-бизнес өкүлү менен аталган ресторанда иштеген кыргыз жаранынын ортосунда чыр чыккан.

Артур Цветков бет кап кий деген суранган Манап аттуу кыргыз жаранына катуу айтып, ызы-чуу салып, экөө мушташып кете жаздаган. Ошондой эле, ал полиция чакырып, ал тургай кыргыз жаранын депортация кылам деп да коркуткан. Кийин Артур Цветков Манаптан кечирим сурап, тараптар жарашып алышкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18