24.kg
11:26, 11 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Дагы үч медициналык кызматкер вирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, Баткен облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 1, Ош шаарында — 1.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3163 учур катталды, алардын ичинен 2657 медкызматкер айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18