24.kg
09:51, 11 сентября 2020, 24.kg

Миң доллар пара талап кылган УКМКнын кызматкери иштен алынды

Пара алып жаткан жеринен кармалган УКМКнын кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу мекемеден билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-сентябрында Бишкекте Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте коопсуздук кызматынын кызматкери Н.у.Сну пара алып жаткан жеринен кармашкан. Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн башталган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Н.у.С. УКМКнын беделин түшүргөндүгү үчүн иштен бошотулду.

 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18