24.kg
09:00, 11 сентября 2020, 24.kg

«Мекеним Кыргызстан» атаандаштарын ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат

Photo 177363

«Мекеним Кыргызстан» партиясы саясий жарыштагы атаандаштарын ушак айыңдарды таратууну токтотууга жана ыплас технологиялардан баш тартууга чакырат. Саясий биримдик ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү колдойт жана элди кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргызстанда шайлоо компаниясы кызуу жүрүп жатат. Айрым саясий күчтөр жарышта атаандаштарын буттан чалуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуудан да баш тартпай тургандыгы байкалууда. Мындай кара пиардын курмандыгы көпчүлүк учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясы болууда. Социалдык тармактарда «аталган партиянын атынан Калил Сариев аттуу жаран шайлоочуларга акча таратып жатат» деген маалымат тарады. Териштирүүнүн жыйынтыгында Калил Сариев 70 жашка таяп калган Өзгөн районунун тургуну экендиги аныкталды.

Аталган билдирүүнү интернетке «Реформа» партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Бурул Усманалиева тараткандыгы белгилүү болгон.

Өз кезегинде «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү шайлоого тиешелүү болгон бардык суроолорго ачык айкын жооп кайтарып, мыйзам чегинде гана үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришти.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына шайлоо компаниясынын жүрүшү боюнча расмий маалымат берди. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясына карата мыйзамсыз технологиялар колдонулуп жаткандыгы тууралуу кабардар болушту.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн коомдун негизги катмарларын камтыган реалдуу долбоор. Долбоордун ишке ашуусу үчүн эң башкы максат шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы ишеним көпүрөсүн куруу болуп саналат.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18