24.kg
15:44, 10 сентября 2020, 24.kg

Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жаңы ооруканасынын курулушу менен таанышты

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү курулуш иштери белгиленген мөөнөткө ылайык жүрүп жатканын айтышты.

Премьер-министр оорукананын үч бөлүмүн — жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, кош типтүү палаталары боло турган бөлүмдөрдү көрүп чыкты.

Photo 177299

Долбоорлоо жана курулуш иштери жайкысын салкын, кышкысын жылуу боло тургандай атайын эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары оорукананын коридорунан адамдар бири-бири менен байланышта болбош үчүн ар бир палатадан өзүнчө чыга турган жол болот. Жаңы ооруканада интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрү да каралды. Дарылоо жүргүзүлө турган бардык палаталар жана бөлмөлөр керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын өкүлдөрү белгилегендей, мекемеде медициналык дары-дармепектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүү запасы бар, ал эми медициналык кызматкерлерге белгиленген компенсацияларды төлөп берүү өз учурунда жана толугу менен ишке ашырылууда.

«Бүгүнкү күндө республика заманбап жабдылган жаңы инфекциялык ооруканага, иштеп жаткан мекемелерди реконструкциялоого муктаж. Медициналык адистердин коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдыгы тууралуу божомолун эске алуу менен Өкмөт тарабынан курулуштагы тез тургузулуучу ыкмаларды пайдалануу чечими кабыл алынды. Бул ыкма медициналык мекемелердин жаңы имараттарын кыска мөөнөттө курууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө маанидеги объект, финансылык каражаттарды бөлүү боюнча маселе жаралбашы керек», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18