24.kg
12:06, 10 сентября 2020, 24.kg

COVID-19: Саламаттык сактоо министрлиги дарылоо алгоритми жөнүндө айтып берди

Учурда Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык колдонмонун 4-варианты менен иштеп жатат. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчи милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, бул колдонмо 3-варианттагы мүчүлүштүктөрдү эске алуу менен иштелип чыкты.

«Биринчиден, пневмониянын коду бекилди — U07.2. Андан соң стационардык жана амбулатордук дарылоо өзүнчө бөлүндү. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды жана балдарды дарылоо, кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм, амбулатордук дарылоо жана калыбына келтирүү (реабилитация) программасы иштелип чыкты», — дейт ал.

Нургүл Ибраеванын айтымына, декстаметазон протоколго кирген жок. Аны консилиумдун гана чечими менен колдонуу сунушталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18