24.kg
11:11, 10 сентября 2020, 24.kg

Болгарияда депутаттын уулу кармалды. Ал Кыргызстанга алынып келинет

Болгариянын бийлиги тарабынан София шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, Данияр Ибраев март айынан бери Болгарияда абакта жатат. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал бир нече курулуш компаниясына курулуш арматурасын алып келип берем деген шылтоо менен 500 миллион сомго алды.

«Тергөө учурунда «Строймир» ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Ибраев Данияр Саматбекович аттуу жаран 2018-жылдын декабрь айынан тартып 2019-жыл аралыгында курулуш арматурасын алып келип берем деген шылтоо менен 7 жабырлануучунун ири көлөмдөгү акчасын алдамчылык жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталды. Келтирилген зыян 507 млн 352 миң сомду түзгөн», — деп билдирет шаардык милиция.

Бардык 7 учур Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (ири көлөмдө жасалган алдамчылык) каттоого алынып, ага издөө салынган.

Данияр Ибраев аттуу жарандын алдамчылык иштеринен жабыр тарткандар болсо Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына (дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 64 а) кайрылуусун өтүнөбүз. Нөөмөт бөлүмүнүн номери 0312 43-71-68; Тергөө кызматы 0312 68-12-68 жана 0550 10-20-86.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18