24.kg
11:03, 10 сентября 2020, 24.kg

Медицина кызматкерлерине август айы үчүн кенемте төлөнө баштады

МК фонду республиканын медициналык кызматкерлерине 2020-жылдын август айына карата компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзө баштады. Бул тууралуу ММК фонду билдирет.

Маалыматка караганда, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген 15 миң 785 медициналык кызматкер үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 269 млн 200 миң сомду түздү.

Анын ичинен;

— Бишкек шаары боюнча — 63 млн 374 200 сом;

— Чүй облусу боюнча — 29 млн 874 500 сом;

— Ош облусу боюнчаа — 62 млн 550 700 сом;

— Баткен облусу боюнча — 19 млн 686 700 сом;

— Жалал-Абад облусу боюнча — 37 млн 272 900 сом;

— Ысык-Көл облусу боюнча — 29 млн 710 900 сом;

— Нарын облусу боюнча — 15 млн 605 100 сом;

— Талас облусу боюнча — 10 млн 814 400 сом.

Эске сала кетсек, КР өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине 2020-жылдын аягына чейин компенсация төлөө максатында республикалык бюджеттен кошумча 640 млн сом (ММК фондуна — 540 млн сом, Саламаттык сактоо министрлиги 100 млн сом) бөлүп берген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18