24.kg
09:40, 10 сентября 2020, 24.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат. Бул тууралуу чечим кечээ сотто кабыл алынды.

Административдик сот Боршайкомдун партиянын каттоодон баш тартуу чечимин мыйзамсыз деп тапты. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова мекеме Жогорку сот кайрылбастыгын билдирди.

«Шайлоо өнөктөгү башталып, үгүт жүрүп жаткандыктан биз Жогорку сотко кайрылбайбыз», — деди ал.

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттап, үгүт иштерин жүргүзүүгө жол ачты.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанга» арызданып БШКга кайрылган. Ал алгач тизмеде алдынкы орунга белгиленип, кийин артка жылып калган.

БШК кечээ тизмедеги калпыстыктар үчүн партияны каттоого алган эмес.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18