24.kg
17:30, 09 сентября 2020, 24.kg

Баткенде уурдалган мал базарда сатылып жаткан жеринен кармалды

Баткен облусунун Халмион базарында уурдалган мал сатылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук ИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Марказ, Майдан айылынын тургундары өз үйлөрүндө байланып турган малдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча милицияга арыз менен кайрылышат. Бул арыздар Кадамжай РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган 2 баш бодо мал Халмион базарындагы мал базардан табылат. Аны сатып жаткан Ноокат районунун 25 жаштагы, Майдан айыл аймагынын 25жаштагы жана Уч-Коргон айылынын 28 жаштагы тургуну кармалат.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалгандар жалпысынан 5 факт башкача айтканда 12 баш мал уурдагандыгы аныкталат. Шектүүлөр буга чейин соттолгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18