24.kg
15:51, 09 сентября 2020, 24.kg

Улутттук статистикалык комитет: Орточо айлык акы 10,5 пайызга көбөйдү

2020-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы (кичи ишканаларды эске албаганда) 17 миң 999 сомду түзүп, 2019-жылдын январь-июнунан салыштырмалуу 10,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, республикада айрым тармактагы кызматкерлердин айлыгы 9,8 миңден 36 миң сомго чейинки өлчөмдү түзөт.

«Эң эле жогору орточо айлык акысы финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлеринде аныкталды — 36 миң 28 сом, маалымат жана байланыш тармагында — 35 миң 133 сом жана пайдалуу кен казуу тармагында — 35 миң 5 сомду түздү», — дейт Статком.

Photo 177145

Ал эми искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагынын кызматкерлери — 9 миң 829 сом, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан камсыздоодо — 10 миң 750 сом жана билим берүү тармагында — 14 миң 509 сом болуп, республикалык орточо айлык акынын деңгээлинин төмөн орунду ээледи.

Комитет калктын 76 пайызы үчүн негизги киреше бөлүгү айыл-чарба тармагы жана ишкерчилик болуп саналарын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18