24.kg
13:46, 09 сентября 2020, 24.kg

Бүгүн Комуз күнү белгиленүүдө

Бүгүн Комуз күнү белгиленүүдө. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул күндү утурлай атайын жумалык жарыяланган.

Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Комуз жумалыгы онлайн форматта өткөрүлөт.

Жумалык 7нен 13-сентябрга чейин уланмакчы.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү экинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Комуз күнү менен кыргызстандыктарды куттуктап, улуттук аспаптын добушу кылымдар бою таңшый беришин каалап өттү.

«Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу «Манас» эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас. Канча жылдар өттү, канча доорлор өттү. Ошол улуу жолубуздун баяны комуз кайрыктарында калып, муундан муунга өтүп, жан дүйнөбүздү ойготуп, улуттук ар намысыбызды шыктандырып келе жатат», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18