24.kg
12:06, 09 сентября 2020, 24.kg

COVID-19 илдетинен Таласта бир киши каза тапты

Талас облусунда коронавирустан бир киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Март айынан бери вирус жана пневмониядан 1 миң 63 киши көз жумду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Жалал-Абад облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3159 учур катталды, алардын ичинен 2616 медкызматкер айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18