24.kg
09:54, 09 сентября 2020, 24.kg

Нарындагы жаңы оорукананын курулушунун убагында бүтүшү күмөн

Нарында жугуштуу оорулар үчүн мамлекет тарабынан курулуп жаткан оорукана 30 пайыз бүткөрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Алардын маалыматында, 70 орундуу бейтапкананын курулуш иши улантылууда.

Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланып, Мерибелл Текстиль Иншаат курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Буюрса, жакын арада узуну 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба-ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулмакчы.

Белгилей кетсек, өкмөт жаңы ооруканалардын курулушу боюнча августтун башында маалымдап, эки айда бүткөрүүнү убадалаган. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18