24.kg
09:19, 09 сентября 2020, 24.kg

15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак уча баштайт

15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак уча баштайт. Бул тууралуу «Азаттык» Жарандык авиация департаментине шилтеп билдирет.

Маалыматта Бишкек — Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданары айтылат. Учууларды «ТезЖет» аба компаниясы жүргүзөт.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Баткен жана Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак учуп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18