24.kg
15:20, 08 сентября 2020, 24.kg

Коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 785 миллион сом кошумча төлөнүп берилди

Коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 785, 4 миллион сом кошумча төлөнүп берилди. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.

«2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү.

1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы — 1 млрд 425 млн сом», — деди Кубатбек Боронов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18