24.kg
09:31, 08 сентября 2020, 24.kg

Боршайком Facebook тармагынын жетекчилигине саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Facebook тармагынын жетекчилигине жымжырттык күнү саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, БШК менен Facebook өкүлчүлүгү ПРООНдун кеңсесинде жолугушту.

Социалдык тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн саясатчылардын өздүгүн аныктоо боюнча талаптарын айтып беришти.

«Саясый реклама рекламалардын жарнамасына кошулат. Аны www.facebook.com/ads/library/report дарегинен тапса болот. Өйдө жагында Кыргызстанды тандоо керек. Кыргызстан боюнча китепканада азыр 879 жарнама бар. Аларга жалпысынан 3 миң 737 долллар сарпталды», — деп айтылат маалыматта.

БКШ жырмжырттык күнү саясый рекламаны өчүрүүнү сунуштады. Facebook өкүлдөрү мындай эреже азырынча АКШда гана колдонорун, бирок, Кыргызстан расмий жөнөткөн сунушту карап көрүүгө даяр экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, үгүт иштери 4-сентябрда башталды. 4-октябрда шайлоо өтөт. 3-октябрда үгүт токтоп, жымжырттык күнү болот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18