24.kg
17:00, 07 сентября 2020, 24.kg

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында пандемиядан чыгуунун жолдору

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында коронавирус пандемиясынан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү — жаратман жана бир пикирдеги санаалаштары. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк — Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди.

Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» — бул ар бир кыргызстандыктын партиясы.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат.

Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма көз салып турабыз.

«Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын максаты:

  • Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу;
  • Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу.

 

Приоритеттери:

  • Жеке эркиндик;
  • Экономикалык эркиндик;
  • Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу;
  • Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик;
  • Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк.

 

Принциптери:

  • Улуттук кызыкчылыктарга приоритет;
  • Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык;
  • Либералдык-плюралисттик башкаруу;
  • Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик;
  • Рационализм жана прагматизм;
  • Бардар эл жана бакубат өлкө.

 

  • Photo 176804

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18