24.kg
11:52, 07 сентября 2020, 24.kg

Курал саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат

Кыргызстанда жакын арада курал-жарактарды саткан ишканалар менен дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул чара Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу коомдук тартипти сактоо үчүн кабыл алынды. Анын алкагында ички иштер органдарынын
кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн куралдарды, ага тиешелүү документтерди текшеришет.

Бардык жеке күзөт, кайтаруу агенттиктери, аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, мергенчилерге аңчылык кылууга берилген куралдар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксат берүүчү документтер да убактылуу токтотулат.
 
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18