24.kg
15:11, 05 сентября 2020, 24.kg

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ООБА!

Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык.
Биз Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартууну сунуштайбыз!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттеги депутаттардын саны эмес, ишинин сапаты маанилүү деп эсептейт.

Депутаттардын санын кыскартуу менен миллиондогон сомдорду үнөмдөлүп, каражатты экономиканын өсүшүнө жана калктын социалдык жашоосун жакшыртууга жумшоого мүмкүн болот. Ошондой эле аз сандагы депутаттардын ишин көзөмөлдөө да оңой эмеспи.

Жумушка каалаганда келип-кетүү, ордунда жоктор үчүн да кнопка басып добуш берүү, өз оюн так айта албагандык, ар кандай кызыкчылыктар үчүн элдин оюн эске албоо сыяктуу кемчиликтер акыркы чакырылыштагы депутаттарда көп болду. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген эффективдүү парламентти түзөбүз!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ООБА!

Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык.
Биз көмүскө бизнестин көшөгөсүн ачабыз! Бул үчүн азыркы талапка жооп бербеген, татаалдашкан жана бюрократияга басым жасалган салык системасын кайрадан иштеп чыгууну сунуштайбыз.

Бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтырабыз. Бул нерсе бир гана коррупцияга бөгөт койбостон, салык отчётторун берүүгө убактысын жана нервин коротуп жаткан ишкерлердин ишин жеңилдетет.

Өлкөнүн бюджети көбөйсө калктын аярлуу катмарынын социалдык жашоосун жакшыртууга жана медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана бюджеттин эсебинен айлык алгандардын эмгек акысын жогорулатууга мүмкүн болот.

Бир өлкө — бир салык!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ООБА!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы — өлкөнү алга сүрөөчү тажрыйбалуу жана жаш профессионалдардын бирдиктүү командасы!

Жумушсуздукту жоёбуз, депутаттардын санын кыскартабыз жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрөбүз!
«Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы!

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын буюртмасы менен даярдалды.

3-сентябрь, 2020-жыл.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондусунун эсебинен каржыланды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18