24.kg
11:51, 05 сентября 2020, 24.kg

«Мекеним Кыргызстан»: Парламенттин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу керек

Өлкөнү өнүктүрүүгө багыт алган «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы өзүнүн программасын мамлекетте болуп жаткан башкы көйгөйлөрдү эске алуу менен иштеп чыкты. Тагыраагы, аталган партия башка партиялардан айрымаланып, популизмден алыс болуп, конкреттүү жана натыйжалуулукка багытталган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өз программасында төмөнкүлөрдү сунуштайт:

-  Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу;

— мамлекеттик чиновниктердин санын кескин кыскаруусу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу.

 

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы министрликтерде жана ведомстволордо кайталанган функцияларды алып салууну, ошондой эле чиновниктердин чыгымдарын азайтууну көздөйт.

Мисалы, өкмөттөгү вице-премьер-министрлер бир эле мезгилде тиешелүү министрликти жетектей алышат. Ал эми министрлер — ведомство башчыларынын функцияларын айкалыштырып кетүүгө жетише алат.

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы шайлоодо жеңишке жетишсе, ушул демилгелердин бардыгын ишке ашыра алат. Бир нече бюджеттик каражаттар үнөмдөлүп, дарыгерлердин жана мугалимдердин эмгек акысына сарпталат. Андан сырткары, өлкөнү алдыга сүрөп жаткан катардагы кыргызстандыктарга дагы жардам берет.

Photo 176540

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18