24.kg
15:16, 04 сентября 2020, 24.kg

Атамбаевдин иши. «Альфа» кызматкерлеринин сурагына УКМКнын ɵкүлү катышмакчы

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш ишин караштыруу уланууда.

Айыпталып жаткан Кундуз Жолдубаева сот отурумуна УКМК ɵкүлү келгенин 24.kg агенттигине билдирди.

«Сот отуруму коомчулук үчүн жабык ɵтүп жатканына карабастан, атайын кызматтын ɵкүлү келди. Айыпталуучулар да, жактоочулар да буга каршы чыкты. УКМК кызматкеринин айтымында, мекеме миллион сомдон ашуун материалдык чыгымга дуушар болгондуктан, ал коопсуздук комитетинин ɵкүлү катары келиптир», — деди Жолдубаева.

Белгилей кетсек, бүгүн сот отурумунда УКМКнын «Альфа» кызматкерлерин суракка алышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18