24.kg
15:16, 04 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Вирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү

Вирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү. Бул туууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын айтымында, жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 миллион сом өлчөмүндө кенемте төлөп берүү үчүн атайын комиссия иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур иликтенүүдө.

Жумуш учурунда вируска чалдыккан медкызматкерлерден дагы кенемте алуу үчүн арыздар келип түштү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, Ош облусунан 113 документ, Талас облусунан — 33, Чүй облусунан — 337, Баткен облусунан — 25, Нарын облусунан — 35, Ысык-Көл облусунан — 48 арыз берилди.

Вирус жуктургандарга 200 миң сомдон төлөнөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18