24.kg
11:03, 04 сентября 2020, 24.kg

Сурамжылоо. Элдин ишенимине арзыган 10 саясатчынын тизмеси жарыяланды

SIAR Research and Consulting компаниясы Center for Insights in Survey Research эл аралык институтунун буйрутмасы менен социалдык иликтөө жүргүздү.

Сурамжылоо 6-15-августта уюлдук телефон аркылуу маек түрүндө алынган. Ага 18 жаштагы жана андан өйдө курактагы кыргызстандыктар катышты. Сурамжылоонун 65 пайызы кыргызча, 35 пайызы орусча, 2 пайызы өзбек тилинде жүргөн.

Коронавирус менен күрөшүүгө каршы күрөш, саясый партиялар боюнча суроо берилген.

Жыйынтыгында элдин ишениминин 16 пайызына Өмүрбек Бабанов, 12 пайызына Камчыбек Ташиев, 11 пайызына Адахан Мадумаров ээ болду. Төртүнчү орунда Садыр Жапаров, андан кийин Жана Акаев жана Өмүрбек Текебаев. Президент Сооронбай Жээнбеков жетинчи орунда. Өлкө башчысынан кийин Элвира Сурабалдиева, Дастан Бекешов жана Рыскелди Момбеков жайгашты.

Алмазбек Атамбаев 19 орунда турат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18