24.kg
09:46, 04 сентября 2020, 24.kg

«Бүтүн Кыргызстан» шайлоодон четтетилди. Тарапташтары бүгүн чогулмакчы

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди. Чечим кечээ Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.

Ага аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айттып чыкты.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанга» арызданып БШКга кайрылган. Ал алгач тизмеде алдынкы орунга белгиленип, кийин артка жылып калган. 

Партия лидери Адахан Мадумаров Боршайкомду сотко берерин билдирди. Саясый уюмдун тарапташтары бүгүн Бишкектеги кеңсесинде чогулмакчы. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18