24.kg
14:35, 03 сентября 2020, 24.kg

Пандемия учурунда Кыргызстанга чет өлкөдөн 450 автожол адиси иштегени келди

Пандемия учурунда Кыргызстанга чет өлкөдөн 450 автожол адиси иштегени келди. Бул тууралуу брифингде Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 пандемиясы КР Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга терс таасирин тийгизди.

«Карантиндик чаралардын киргизилиши жана эл аралык чек аралардын жабылышы персоналды, керектүү шаймандарды мобилизациялоону татаалдаштырып, объектилерде кызматкерлердин эркин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратты. Пандемия учурунда жумушту кайра калыбына келтирүү максатында, Транспорт министрлиги, Саламаттыкт сактоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан, адистерди жумуш орундарына жеткирүү иштери уюштурулган. 2020-жылдын май айынан бери Кыргызстанга 450гө жакын эл аралык адистер келишкен», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18