24.kg
11:21, 03 сентября 2020, 24.kg

Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн шайлоого аттангандыгына нараазы

Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн шайлоого аттангандыгына нараазы. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин бүгүнкү жыйында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, пандемия учурунда каза болгон адамдардын өлүмүнө жооптуу өкмөт мүчөлөрү жоопко тартылган жок.

«ТарыхтаАскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Алмазбек Атамбаевдин учурунда административдик ресурс колдонулуп келинген. Мына ошондой ыкма азыр дагы алдыда турган парламенттик шайлоодо колдонулуп жатат. Пандемия учурунда дарыгерлерди баатырларга теңедик. Силер өлкөнү сактап калдыңар деп ыраазычылык билдирдиңер. Азыр ооруканада паспортторду чогултуп, адамдарды каттоого тургузасыңар деп дарыгерлерди кордоп жатасыңар. Бир ай мурун баатырга теңеген дарыгерлерди бүгүн кордоп жатасыңар. Мындай ыкманын арты жакшы болбойт. Мыйзам боюнча административдик ресурс колдонгон жетекчилер айып пулга жыгылып, кызматтан алынат. Президент дагы ушул маселени көтөрүп жатат. Бирок арыз жок деп бир дагы адамды жоопко тарткан жоксуңар», — дейт Жанар Акаев.

 Кубатбек Боронов премьер-министр болордун алдында бир дагы өмкөт мүчөсү шайлоого аттанбайт деп айтты эле. Пандемияны басам деген вице-премьер-министр баш болуп премьер-министрдин сөзүн укпай шайлоого аттанышты.

Жанар Акаев. 

Белгилей кетсек, өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен экс- вице-премьер-министр Аида Исмаилова, экс-социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров "Биримдик" партиясы менен шайлоого аттанууда. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18