24.kg
11:05, 03 сентября 2020, 24.kg

Жогорку Кеңешке жети жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке жети жаңы депутат келди. Бул тууралуу парламенттин басма сɵз кызматы билдирет.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү отурумда Сталбек Молдалиев, Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Уланбек Исмаилов, Улугбек Садиков жана Байгазы Кенжебаев ант беришти.

Сталбек Молдалиев пневмониядан кɵз жумган мурунку ЖК тɵрагасы Чыныбай Турсунбековдун ордуна келди.

Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Уланбек Исмаилов («Ɵнүгүү-Прогресс фракциясы») Алтынбек уулу Жунус, Зиядин Жамалдинов жана Абылкайыр Узакбаевдин ордуна келишти.

Мээримбек Койчуманов, Байгазы Кенжебаев жана Улугбек Садиков («Кыргызстан» фракциясы) Данияр Толонов, Таалайбек Масабиров жана Кубанычбек Нурматовдун ордун басышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке шайлоо ɵткɵрүү жɵнүндɵ жарлыкка кол койду. Шайлоо 4-октябрда ɵтɵт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18