24.kg
10:34, 03 сентября 2020, 24.kg

«Рухий Мурас» жана «Алтын Ордо» жаңы конуштарынын таштандыга карызы көбөйдү

Бишкек шаарынын «Рухий Мурас» жана «Алтын Ордо» жаңы конуштарынын таштандыга карызы көбөйдү. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын маалымат кызматы билдирет.
 
Жаңы конуштарда көп жылдан бери таштандыга акы төлөбөгөн тургундар бар.
 
«Бирок ага карабай жума жана ишемби күндөрү таштандыны көчөгө алып чыгып коюшат. Карыздарды төлөөнү суранабыз», — дейт «Тазалык».
 
1-сентябрга карата «Рухий Мурас» 399 миң 660 сом, «Алтын Ордо» 559 миң 285 сом карыз.
 
Таштанды үчүн адам башына 22,5 сомдон, пенсионерлер 6 сомдон төлөшөт.
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18