24.kg
17:57, 02 сентября 2020, 24.kg

Атамбаевди кармоого катышкан «Альфа» кызматкерлери бет кап менен көрсөтмө берет

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча кылмыш ишин караштыруу уланууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев 24.kg агенттигине билдиргендей, прокуратура УКМКнын «Альфа» кызматкерлерин күбɵɵ катары бет капчан суракка алуу ɵтүнүчүн киргизди.

«Жактоочулар буга каршы чыкты. Кой-Ташта алардын бетин баары кɵргɵн. Мамлекеттик айыптооочулардын логикасын түшүнүп болбойт», — деди ал.

Натыйжада, сот мамлекеттик айыптоочулардын ɵтүнүчүн канааттандырды.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча ИИМ Жазык кодексинин бир катар беренелерине таянып, иш козгогон. Бул иш боюнча депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, КСДПнын мүчɵсү Равшан Жеенбеков ɵтүп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18