24.kg
17:31, 02 сентября 2020, 24.kg

Мектепте окууга класстар кезеги менен өтөт. Алгач кайсы класстар кайтып келет?

Билим берүү жана илим министрлигинин кадимки режимде окууну калыбына келтирүүнүн бир нече варианты бар. Бул тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекова «Ала-Тоо-24» эфиринде билдирди.

Айтымында, кырдаал турукташканда, биринчи кезекте 5инчи, 9унчу жана 11-класстарынын окуучулары кадимки режимге кайтып келмекчи.

Дагы бир план боюнча, биринчилерден болуп 2-класстын окуучулары сабагын баштап, андан кийин мектеп 5, 9 жана 11-класстын окуучулару үчүн ачылат.

«Экинчи класстын окуучулары бир гана жыл окуду, аны толук бүтүрүп, аягына чыгышкан жок. Ал эми 9 жана 11-класстын окуучулары бүтүрүүчүлɵр. Булар кадимки режимде кɵбүрɵɵк окушса, бүтүрүү сынагына жакшыраак даярданышмак. 5-класс — жогорку класстын окуучуларына кадам шилтеген балдар, буларга ар түрдүү мугалимдер сабак ɵтɵ баштайт, ошондуктан булар бир аз кыйналып калышы мүмкүн», — деди ал.

Эң негизгиси — балдардын, ата-энелер жана мугалимдердин коопсуздугу экенин баса белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, бүгүн мектепке 1-класстын окуучулары гана барышты. Андан жогорку класстар азырынча онлайн окушат. Билим берүү жана илим министрлиги 1-чейректе окуучулар аралыктан окууну улантарын маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18