24.kg
17:07, 02 сентября 2020, 24.kg

Россияда коронавирустан айыккан адам кайра илдетке чалдыкты

Россияда коронавирустан айыккан адам кайра илдетке чалдыкты. Бул тууралуу Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиология илимий борборунун жетектөөчү адиси Фёдор Лисицын «Россия 24» телеканалына билдирди.

Анын айтымында, бул коронавирустун жаңы түрүн кайрадан жуктурган бир эле клиникалык учур.

Бейтап коронавирустан айыккандан 148 күн өткөндөн кийин кайра ооруп калган.

Мындан тышары Тува Республикасында дагы COVID-19 вирусун кайрадан жуктуруп алышы мүмкүн деген дагы бир бейтап бар. Бирок азырынча тастыктала элек.

Орусияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 1 миллион 5 миң адамга жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18