24.kg
14:25, 02 сентября 2020, 24.kg

Атамбаевдин иши. Мурунку президентти № 1 тергөө абагына которушат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергɵɵ изоляторунан № 1 тергɵɵ абагына которушат. Бул тууралу 24.kg агенттигине анын жактооочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик комитеттегилер Атамбаевдин жашоосу жана ден соолугуна болгон жоопкерчиликтен качкысы келет.

«Мурунку президенттин абалы начар экенин УКМКдагылар түшүнүп турат. Мен кечээ Атамбаев менен жолукканда, аны башка абакка которулаары белгилүү болду. Бүгүн аны № 1 тергɵɵ абагына жеткирип, андан кийин, балким № 47 түзɵтүү колониясындагы ооруканага алып барышы мүмкүн. Башка иштер боюнча тергөө амалдары жана сот отурумдары бүтө элек. Акыркы иш боюнча сот ɵкүмү күчүнɵ кирмейинче Алмазбек Атамбаевди башка мекемелерге которууга болбойт», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча ИИМ Жазык кодексинин бир катар беренелерине таянып, иш козгогон. Бул иш боюнча депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, КСДПнын мүчɵсү Равшан Жеенбеков ɵтүп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18