24.kg
13:54, 02 сентября 2020, 24.kg

Коопсуздук кеңеши аткаминерлерге үгүт иштеринен алыс болууну эскертти

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга тыюу салынат. Бул боюнча Коопсуздук кеңешинин чечиминде айтылат.

Коопсуздук кеңеши Башкы прокуратурага саясый партиялардын ишине кандайдыр бир формада катышкан же көмөк көрсөткөн аткаминерлердин ишине бөгөт коюнуну тапшырды.

Андан тышкары, башкы көзөмөл органы мыйзамдардын талаптарына ылайык даттануулардын жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл.

Прокуратура кызматкерлери 1-октябрдан тарта 10-октябрына чейин күнү-түнү нөөмөт менен иштешет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18