24.kg
12:05, 02 сентября 2020, 24.kg

Санитардык талаптарды сактагыла. Дүйнөдө коронавирустун жаңы толкуну башталууда

Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын пикиринде, пандемиянын алдын-алууга жүргүзүлгөн иш-чаралар абалды турукташтырууга өбөлгө түздү.

«Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген», — деп билдирди ал.

Ал эми, күз-кыш айларында грипп жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар.

«Ушундан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Муну менен бирге, ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18